Муниципалитетте борбордун вице-мэри Виктория Мозачеванын төрагалыгы алдында кароосуз калган балдарды жана турмуштук оор кырдаалда турган балдарды аныктоо боюнча шаардык штабдын отуруму болуп өттү.

Кеңешменин жүрүшүндө Бишкек шаарынын аймагында турмуштук оор кырдаалда турган кароосуз калган балдарды аныктоо боюнча жасалган иштер жөнүндө Бишкек шаарынын мэриясынын социалдык өнүктүрүү департаментинин отчету угулду. Билим берүү башкармалыгынын өкүлдөрү август айында балдарды эсепке алуунун жыйынтыгы боюнча аткарылган иштер жөнүндө айтып беришти. Бишкек шаарынын ИИББ Бишкек шаарынын мэриясынын 2021-жылдын 30-декабрындагы №178 токтому менен бекитилген Бишкек шаарынын 2022-2025-жылдарга карата жашы жете электердин арасында укук бузуулардын алдын алуу боюнча иш-чаралар планынын аткарылышынын жүрүшү жөнүндө маалымат беришти.

Кеңешменин жыйынтыгы боюнча райондук  акимиаттарга, Бишкек шаарынын мэриясынын социалдык өнүктүрүү департаментине, Бишкек шаарынын ИИББна, Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү башкармалыгына Бишкек шаарынын аймагында кароосуз калган, ошондой эле турмуштук оор кырдаалда турган балдарды аныктоо боюнча иштерди өз убагында жүргүзүү тапшырылды. Ошондой эле, жашы жете электердин арасында кайырчылыкты,  укук бузууларды алдын алуу боюнча ишти күчөтүү милдеттендирилди.