Бишкек шаарынын мэриясынын Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаментинде жумушчу жыйын болуп өттү.

Жыйынды Транспорт департаментинин директору Максат Нусувалиев жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо жана жол курулушундагы мыйзам бузууларды аныктоо маселеси боюнча алып барды. Ошондой эле, борбордун темир жол ашууларын текшерүү боюнча да талкууладык.

Жыйынга Милициянын кайгуул кызматы башкармалыгы,  акимчиликтин жана шаардык кызматтардын өкүлдөрү катышты.

Жол инфратүзүмүн, жолдорду жана тротуарларды жакшыртуу боюнча бардык практикалык маселелер ар тараптан каралып жатат. Текшерүү комиссиясы жолдун катмарына, жол белгилеринин, жол сызыктарынын, бордюрлардын, сугат лотокторунун болушуна, ошондой эле токтоочу комплекстерге (чатырларга) өзгөчө көңүл бурат.

Белгилей кетсек, иликтөө боюнча комиссиясы ыкчам чечим кабыл алуу үчүн түзүлгөн.