Биринчи май акимиаты мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн алкагында потенциалдуу инвесторлорду кызматташууга чакырат.

Пилоттук долбоорго ылайык, борбор калаада « Катуу тиричилик калдыктарды (КТК) сорттоо боюнча муниципалдык пункттарын» куруу каралган.

Улуттук, эл аралык стандарттарды жана санитардык-гигиеналык ченемдерди эске алуу менен таштандыларды алгачкы сорттоо үчүн Биринчи май районунун аймагында атайын эко-аянтча куруу пландалууда.

Пункттун жалпы аянты 80-100 чарчы метрден ашык эмес, асфальт же бетон төшөлгөн кире-бериши,  1 метрден 1,2 метрге чейинки бийик тосмолор,  жарыктандыруусу жакшы, борбордук коммуникация тутумуна (суу менен камсыздоо, канализация жана электр энергиясы), ошондой эле катуу таштандыларды сорттоо үчүн таштанды контейнерлери жана сорттоочуларга аянты 15-16 чарчы метрден ашпаган  турак жай имаратын жайгаштыруу каралууда.

Таштанды контейнерлери жаан-чачындан (жамгыр, кардан) коргоо үчүн атайын чатыры  бар жайга жайгаштырылат, контейнерлердин саны калктын санына жараша белгиленет.

Урматтуу инвесторлор, кызыкдар тараптар! Толук маалыматты төмөнкү даректен алса болот: Бишкек ш. Жибек Жолу көч. 348, Биринчи май муниципалдык администрациясынын имараты, маалымат үчүн байланыш телефону: +996 770 740 555.