Сиздерди кесиптик майрамыңыздар – Кыргызстандын социалдык коргоо жана профсоюз кызматкерлеринин күнү менен чын дилимден куттуктайм!

Борборубуз Бишкек шаарынын социалдык коргоо кызматкерлеринин милдеттери — аз камсыз болгон калктын турмуш деңгээлин жогорулатуу, социалдык жактан тейлөө жана аларды жакшыртуу болуп саналат. Сиздердин эмгегиңиздерди биз ар дайым баалайбыз жана урматтайбыз. Сиздер ар бир адамга жана анын үй-бүлөсүнө боорукерлик менен кам көрүп,  ак ниеттүүлүк, мээримдүүлүк менен өз ишиңиздерди аркалап, алардын түйшүгүн бөлүшүп, көйгөйүн чечүүгө көмөктөшүп,  бакубаттуулугун камсыз кылып келесиздер.

Карыларга, балдарга, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга кам көрүү —  бул Сиздердин жана биздин негизги милдеттерибиздин бири катары кала берет. Андыктан, асыл иштериңиздерди ар дайым бийик кармап,  мамлекетибиздин жана шаарыбыздын өнүгүшү үчүн талыкпай эмгек кыла бересиздер деп ишенем.

Урматтуу социалдык кызматкерлер!

Сиздерди дагы бир жолу кесиптик майрамыңыздар менен куттуктайм! Эл кызматын аркалаган түмөн түйшүгү бар, бирок сыймыктуу, бата коштогон барандуу ишиңиздерге албан-албан ийгиликтерди каалайм.

Ар дайым аманчылыкта, ден соолукта жүрүңүздөр. Үй-бүлөлүк бакыт, ишиңиздерге  ийгиликтерди каалайм!

Сиздерди терең урматтап, Бишкек шаарынын мэри Э.М.Абдыкадыров