Бишкек шаарынын мэриясынын Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаментинде коомдук транспорттун ташуучу-фирмаларынын жетекчилери менен жолугушуу болду.

Транспорт департаментинин директору Максат Нусувалиев ташуучу-фирмалардын жетекчилери менен биргеликте муниципалдык жана жеке менчик жүргүнчүлөрдү ташуучу коомдук транспорт ишканаларынын күз-кыш мезгилинде иштөөгө даярдыгы маселелерин талкуулашты.

Транспорт департаментинин директору белгилегендей кыймылдуу курамды сапаттуу даярдоо үчүн жакынкы аралыкта техникалык кароо жүргүзүлөт.

Ал эми, Транспорт департаменттин кызматкерлери коомдук транспорттун күз-кыш мезгилдерине даярдыктарын текшерип башташат. Эгерде бузуулар аныкталса жана талаптарды четке какса тиешелүү чаралар көрүлөт.  

Жыйынтыгында ишканалардын күз-кыш мезгилдерине даярдыктары тууралуу акт түзүлүп, кемчиликтерди жоюу боюнча иш-чаралардын пландары иштелип чыгат.