Ленин районунун муниципалдык администрациясынын жыйындар залында райондун башчысы Русланбек Тагаевдин төрагалыгы алдында шаардык, райондук кызматтардын жетекчилеринин жана райондун МАБдын башчыларынын катышуусунда кезектеги жумалык пландык жыйын болуп өттү.

Жыйындын жүрүшүндө Ленин районунун аз камсыз болгон тургундарын кыш мезгилинде көмүр менен камсыз кылуу боюнча Ленин районунун СӨБ маалыматы угулду.

Мындан тышкары, «Ош-Базары» соода комплексинин аймагындагы башаламан соодага каршы жүргүзүлүп жаткан иштер боюнча муниципалдык администрациянын экономика жана каржы бөлүмүнүн башчысынын отчету угулду.

Жыйындын соңунда башчынын биринчи орун басарына тиешелүү кызматтар менен биргеликте «Ош-Базары» соода комплексинин аймагындагы башаламан соодага каршы күрөшүү боюнча иштерди улантуу жана Айни-Чапаев көчөлөрүнүн кесилишинде башаламан сооданы жоюу максатында рейддик иш-чараларды өткөрүү тапшырылды.