Кыргыз Республикасынын Социалдык коргоо жана профсоюз кызматкерлеринин күнүнө карата райондордо майрамдык иш-чаралар өткөрүлдү.

Райондун социалдык кызматкерлерин Биринчи май районунун акиминин орун басары Аида Рысбаева куттуктады.

Ак ниет жана үзүрлүү эмгеги үчүн акимчиликтин Ардак грамотасы менен:

- Осмоналиев Жээнбек Чыныбекович - Кыргыз Республикасынын айыл чарба кызматкерлеринин жана муниципалдык айыл чарба кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук Комитетинин төрагасы;
- Мукамбетова Наргиза Шахтыбековна - Биринчи май райондук социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын социалдык төлөмдөр секторунун адиси;
- Шатемирова Нуржан Бекеновна - "Кыргызстандын SOS Балдар Айылдары" коомдук кызматкери;
- Джакыпбекова Саадат Татановна - Бишкек шаардык улгайган адамдар жана ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар үчүн жалпы типтеги социалдык стационардык мекемесинин башкы бухгалтери;
- Дүйшембиева Таалайгүл Каамытовна - Социалдык фонддун Биринчи май райондук башкармалыгынын персоналдаштырылган эсепке алуу жана камсыздандыруу төгүмдөрү бөлүмүнүн башкы адиси.
Акимчиликтин ыраазычылык каттары:
- Абдыбеков Даниел Абдыбекович - Биринчи май районунун социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын үй-бүлөнү жана балдарды колдоо бөлүмүнүн социалдык кызматкери;
- Турсунбекова Айгерим Турсунбековна - Биринчи май райондук социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын үй-бүлөнү жана балдарды колдоо бөлүмүнүн социалдык кызматкери;
- Расулова Эльмира Мукашовна - Социалдык фонддун Биринчи май райондук башкармалыгынын пенсияларды дайындоо жана жарандарды кабыл алуу бөлүмүнүн башкы адиси.


Райондун социалдык тармагынын кызматкерлерин кесиптик майрамы менен Ленин районунун акими Русланбек Тагаев куттуктады.

Кесиптик майрамдын урматына кызматтык милдеттерин үлгүлүү аткаргандыгы үчүн социалдык тармактын кызматкерлери муниципалдык администрациянын Ардак Грамоталары жана Ыраазычылык баракчалары менен сыйланышты.


Октябрь районунун акими Азамат Дороев КРнын социалдык коргоо жана профсоюз кызматкерлерин майрамы менен куттуктады.

Ак ниеттүү жана үзүрлүү эмгеги үчүн чакырылгандардын бардыгы Октябрь районунун муниципалдык администрациясынын Ардак грамоталары менен сыйланышты.


Свердлов районунун башчысы Максатбек Саргазаков райондук социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады.

Калкты социалдык жактан коргоо жаатындагы ак ниет жана үзүрлүү эмгеги үчүн калкты социалдык жактан тейлөөчү мекемелер да Ардак грамоталар жана белектер менен сыйланышты: Бишкек шаарындагы «Ардагер» геронтологиялык борбору, Свердлов райондук Социалдык фонду, «Коломто» муниципалдык мекемеси. , «Айданек» жашы жете элек балдарды реинтеграциялоо борбору, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар борбору, дүлөйлөр   үчүн мектеп-интернаты, дүлөй балдар үчүн мектеп-интернаты, Иш менен камсыз кылуу борбору.


Эске салсак, Кыргыз Республикасынын социалдык коргоо жана профсоюз кызматкерлеринин күнү салттуу түрдө 19-октябрда белгиленет.


Урматтуу социалдык кызматкерлер! Эл кызматын аркалаган түмөн түйшүгү бар, бирок сыймыктуу, бата коштогон барандуу ишиңиздерге албан-албан ийгиликтерди каалайбыз.
Ар дайым аманчылыкта, ден соолукта жүрүңүздөр.  Үй-бүлөлүк бакыт, ишиңиздерге  ийгиликтерди каалайбыз!