Бишкек шаарынын мэриясынын көрктөндүрүү жана жер пайдаланууну көзөмөлдөө боюнча муниципалдык инспекциясы «Тазалык» муниципалдык ишканасынын атайын бөлүгүнүн кызматкерлери менен биргеликте борбор калааны уруксатсыз орнотуулардан бошотууда.

Инспекция күн сайын объекттерди орнотуунун мыйзамдуулугун текшерип, түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, өз ыктыяры менен демонтаждоо боюнча эскертүүлөрдү берет.

Алсак, инспекция Тунгуч кичи районунда жайгашкан «Трафик» жана «Тунгуч» мыйзамсыз унаа жуучу жайларды жана Жайыл баатыр көчөсүндөгү объекттерди демонтаждады.

Ошондой эле, инспекция борбор калаанын көркүн бузган мыйзамсыз жарнамаларды демонтаждоо боюнча кызуу иш алып барууда. Биринчи май жана Октябрь райондорунда 150дөн ашык жарнама такталары алынып салынды.

Урматтуу шаар тургундары! Инспекциянын ишине байланышкан кайрылуулар боюнча 0312597526 номерине, ошондой эле социалдык тармактарга кайрылсаңыздар болот:

https://www.facebook.com/SeiMeria/

https://www.instagram.com/s/aGlnaGxpZ2h0OjE3ODQ4ODc4NzQyNzY0NTM1?igshid=YmMyMTA2M2Y

https://twitter.com/MeriaSei?t=YIG5tk3-HQCuVesYwkOhJA&s=08