Муниципалитетте Бишкек шаарынын мэриясынын алдындагы ишкердик чөйрөнү өнүктүрүү боюнча кеңештин жыйыны өттү.

Жыйындын жүрүшүндө Кеңештин туруктуу жумушчу топтору жана алардын курамы, жумушчу топтордун 2022-2023-жылдарга иш планы, иш регламенти бекитилди.

Ишкердик чөйрөсүндөгү кеңештин төрагасынын экинчи орун басары да кайра шайланды, ал Андрей Догадин болду.

Кеңештин негизги милдеттери болуп Бишкек шаарынын чарба жүргүзүүчү субъекттерине жагымдуу шарттарды түзүү, ишкердикти өнүктүрүү жана колдоо, инвестиция тартуунун стратегиясын жана приоритеттерин аныктоого көмөк көрсөтүү саналат.