Бишкек троллейбус башкармалыгынын кызматкерлеринин ичинен түзүлгөн комиссия коомдук унаалардын санитардык абалын текшерди.
Тактап айтканда, кабинанын санитардык абалы, айдоочулардын жумуш учурунда жүрүм-туруму, гигиеналык каражаттардын жана беткаптардын болушу текшерилди.
Жол эрежесин сактабаган, троллейбусту талаптагыдай санитардык абалда кармабаган айдоочуларга эскертүүлөр берилди.
Бул текшерүү эки жумада бир жолу жүргүзүлөт.