Таң эрте Свердлов районунун акими Максатбек Саргазаков райондун тургундарын жеке маселелери боюнча  кабыл алды.

Райондун акимине кайрылуулар негизинен жер маселеси (мыйзамдаштыруу), турак-жай маселеси, №17 лицейдин уюштуруу иштерине байланыштуу болду.

Жеке кабыл алууга төрт адам жазылган.

Бардык кайрылуулар катталып, каралып, сүйлөшүү учурунда түшүндүрмөлөр берилип, калгандары көзөмөлгө алынып, чечим кабыл алуу үчүн тиешелүү кызматтарга өткөрүлүп берилди.

Эске салсак, Свердлов районунун акими Максатбек Саргазаков ар бейшемби күнү саат 07:00дөн 09:00гө чейин алдын ала жазылуу боюнча жеке кабыл алууларды өткөрөт. - (0312) 36-01-93 телефону аркылуу алдын ала жазыла аласыз.