«Бишкекшаарлифт» муниципалдык ишканасы пилоттук долбоордун алкагында «Скай Индустриал Групп» ЖЧКсы менен бир жүргүнчү лифтин модернизациялоо боюнча келишим түздү.

Көрсөтүлгөн келишимдин негизинде "Чыгыш-5" кичирайонунун 1-үйүнүн 1-подъездинин лифти толугу менен алмаштырылат.

Учурда лифттин долбоорлоо иштери жүрүп жатат, андан соң лифт жабдууларын демонтаждоо жана орнотуу иштери башталат.

Мындай пилоттук долбоорлордун максаты – борбор калаадагы лифт чарбасын жакшыртуу жана ошону менен катар 3 жылдык бөлүп төлөө планы менен 100 бирдик лифт жабдууларын жаңыртуу боюнча келишим түзүү үчүн багытталган.

Лифтти орнотуу  узак процессти талап кылгандыктан, аталган үйдүн жашоочууларынан алдын ала кечирим сурайбыз.