«Тазалык» муниципалдык ишканасы шаарды көрктөндүрүү жана санитардык тазалоо иштерин улантууда.
Ишкананын кызматкерлери Манас проспектисиндеги жер астындагы өтмөктү иретке келтирип, дубалдарын алып, сырдашты. Жумушка 7 кызматкер тартылган.
Бүгүн шаарыбыздын тазалыгын 632 тазалоочу, 194 жүктөгүч жана 84 атайын техника камсыз кылууда.
Урматтуу шаар тургундары! Тазалыкты сактап, шаардын мүлкүнө аяр мамиле кылууңуздарды суранабыз.