Свердлов акимчилигинде райондун жолдорун реконструкциялоо жана реабилитациялоо,  иретке келтирүү боюнча райондук штабдын кезектеги жыйыны өттү.

Фере, Суворов, Дачная көчөлөрүн бойлото жол салууга тоскоол болгон объектилерди бузуудан тышкары, Шабдан Баатыр проспектисинин Ауэзов көчөсүнөн Учкун конушунун аягына чейин жааган жана эриген сууларды агызып салуу маселелери каралды.Талкуунун жыйынтыгында Бишкек шаарынын мэриясынын Транспорт жана жол транспорт инфраструктурасын өнүктүрүү департаментине, “Бишкекасфальтсервис”  муниципалдык ишканасына, Бишкек шаарынын мэриясынын көрктөндүрүү жана жер пайдаланууну көзөмөлдөө боюнча муниципалдык инспекциясына тапшырмалар берилди.

Эске салсак, Свердлов районунун аймагындагы Фере, Суворов, Дачная, Фирсов, Пархоменко, Дзержинский, Өзгөн, Кажы-Сай, Никитин көчөлөрүндө жол салуу иштери жүрүп жатат.

Шабдан Баатыр, Өзгөн, Фирсов көчөлөрүндө оңдоо иштери аягына чыгып жатат.