№112 бала бакчанын базасында борбор калаадагы мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын музыкалык жетекчилери үчүн семинар өткөрүлдү.

Мугалимдер «Бала бакчалардагы каникулдарды даярдоо боюнча иштердин системасы» деген темада тренингге катышышты.

Семинарга 68 музыкалык жетекчи катышты.

Семинардын максаты – бала бакчалардагы музыкалык жетекчилердин ишин системалаштыруу. Анткени, бала бакчадагы балдар менен чоңдордун катышуусундагы майрамдар,  оюн-зоок жана башка массалык иш-чаралар балдардын  өнүгүүсүн калыптандырат. Мындай иш-чаралар көңүлдү көтөрүп  жана эсте калат.