Ленин районундагы №68 мектеп гимназиясында “Атам, апам жана мен- болобуз сонун спортсмен” аттуу спорттук мелдеш болуп өттү.
Сынакка 4-класстын окуучулары ата-энелери менен биргеликте катышты.
Чуркоо, топ менен чуркоо, жип менен секирүү жана узундукка секирүү боюнча төрт этапта ат салышышты.
Иш-чара ата-энелер менен мугалимдердин, мугалимдер менен окуучулардын ортосундагы өз ара мамилени бекемдейт.
Жыйынтыгында бардык командаларга грамоталар жана топтор тапшырылды.
Мелдеш Президенттин “Инсанды руханий-адептик жактан өнүктүрүү жана дене тарбиясы жөнүндө” Жарлыгын аткаруунун алкагында уюштурулду.