2020-жылдын 20-августунда көрктөндүрүү жана жер пайдаланууну көзөмөлдөө боюнча муниципалдык инспекциясы Биринчи май райондук сотуна Ни Татьяна Владимировнага уруксатсыз курулган имаратты бузуу менен муниципалдык аймакты бошотуу боюнча доо арыз менен кайрылган.

Биринчи май райондук соту 2020-жылдын 29-октябрында доо арызды канааттандырган сырттан чечим чыгарган. Сот Москва №162 дарегиндеги муниципалдык аймакты бошотууну  «АВС» интернет клубуна милдеттендирген.

Инспекция аткаруу документин реалдуу, толук, өз убагында жана натыйжалуу аткаруу боюнча чараларды көрүү максатында Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотуна караштуу Сот департаментине жана Биринчи май райондук Аткаруу кызматынын бөлүмүнө кайрылган.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотуна караштуу Сот департаменти тарабынан бузуунун датасы жана убактысы белгиленди.

Белгиленген мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин, Бишкек шаарынын Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгынын катышуусунда Бишкек шаарынын мэриясынын ыйгарым укуктуу түзүмдүк бөлүмдөрү тарабынан өз алдынча кеңейтилген капиталды бузуу боюнча демонтаждоо иштери башталды.

Бирок, бүгүнкү күнгө чейин Бишкек шаарынын Биринчи май райондук САТК тарабынан аткаруу документинин талаптарын аткаруу боюнча иш-чаралар токтотулган. Бул маселе боюнча 2022-жылдын 19-сентябрында УКМКга кат жөнөтүлүп, белгисиз себептер менен жооп келген эмес.

Инспекция Биринчи май районунун сот актаруучуларынын иш-аракеттерине карата Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотуна караштуу Сот департаментине 2022-жылдын 11-октябрындагы даттануу менен кайрылган, учурда иш каралууда.