Борбор калаада MBulak Kuz Demi 2022 аталышындагы Бишкек эл аралык кайрымдуулук марафону өткөрүлдү.

Иш-чараны борбор калаанын вице-мэри Виктория Мозгачева жана КРнын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Союзбек Надырбеков ачты.

Аталган иш-чарага 3 миңдей чоңдор жана 300 бала катышты.

Эл аралык Бишкек марафону быйыл “Биргеликте көптү жасай алабыз” деген ураандын алдында өттү.

Ар бир катышуучунун салымынан жүз сом аялдарды, балдарды жана өспүрүмдөрдү коргоо фондуна жумшалат. Бул каражаттар “Оазис” коомдук фондуна жана “Сезим” кризистик борборуна которулат.
Жарыштын катышуучулары “Манас” аэропорту – Бишкек багыты боюнча 5, 10, 21,1 жана 42,2 чакырымдарды басып өтүштү, старт жана финиш жери – Аска-Таш мемориалдык комплекси.

Марафондун алкагында балдар жарышы да өтүп, ага 3 жаштан 15 жашка чейинки балдар катышты.  Иш-чаранын эң жаш катышуучусу эки жарым жашта болсо, эң улуусу жетимиш алты жашта болгон.

Уюштуруучулардын айтымында, марафонго Кыргызстан, Россия, Австрия, Кытай, Хорватия, Франция, Германия, Греция, Индия, Италия, Казакстан, Мексика, Монголия, Нигерия, Филиппин, Түркия, АКШ, БАЭ мамлекеттеринен 1500 катышуучу катышты. Алардын көбү жаңы жөө күлүктөр.  Кошумчалай кетсек, катышуучулар жана күйөрмандар үчүн сүрөтчүлөрдүн, музыканттардын аткаруусундагы шоу-программа уюштурулуп, иш-чаранын өнөктөштөрү тарабынан түрдүү сынактар өткөрүлдү.  
Спорттук мелдештин 1-3-орундардын жеңүүчүлөрүнө атайын медалдар, дипломдор жана баалуу сыйлыктар менен сыйланды.  5 км кыска аралыкта 1-3-орундардан эркектер жана аялдар арасында бир абсолюттук категория болду.  Ал эми калган бардык дистанцияларда 18-29 жаш, 30-39 жаш, 40-49 жаш, 50-59 жаш жана 60 жаштан жогорку жөө күлүктөр жаш категориялары боюнча катышуучулар сыйланды.  Толук марафондук 42 км аралыкта эркектер жана аялдар арасында 1-5-орундардан өзүнчө абсолюттук категория ыйгарылды.  Кошумчалай кетсек, 10 чакырым аралыкта 1-3-орундардан (эркектер жана аялдар) азиз жөө күлүктөр арасында атайын категория уюштурулган.

42 км аралыкта абсолюттук категорияда эркектер арасында жеңүүчүлөр:
- Аман Момуналиев (1-орун, убакыт 2 саат 40 мүнөт 48 секунд);
- Ташыбеков Дастан (2-орун, убакыт 2 саат 55 мүнөт 00 секунд);
- Мамбетов Кутман (3-орун, убакыт 3 саат 12 мүнөт 35 секунд);
- Абдыкапаров Нурбек (4-орун, убактысы 3 саат 16 мүнөт 40 секунд);
- Каныбеков Уланбек (5-орун, убакыт 3 саат 19 мүнөт 32 секунд).


42 км аралыкта абсолюттук категорияда кыз-келиндер арасында жеңүүчүлөр:
- Гүлназ Жүзбаева (1-орун, убакыт 3 саат 52 мүнөт 17 секунд);
- Юлия Морозова (2-орун, убакыт 4 саат 28 мүнөт 1 секунд);
- Турсунай Усубалиева (3-орун, убакыт 4 саат 37 мүнөт);
- Ирина Карих (4-орун, убакыт 4 саат 42 мүнөт);
- Алымкулова Жазгүл (5-орун, убактысы 4 саат 56 мүнөт).