Бишкек шаарынын мэриясынын Маданият, спорт, туризм жана жаштар иштери боюнча департаменти,  ошондой эле Дельфи  комитети борбор калаада Биринчи Дельфи оюндарына дардыктарды көрүүдө.  “Дельфий Бишкек! Катыш! Аракет кыл! Жең!"  урааны астында өтөт.

Оюндар 2022-жылдын 27-октябрынан 1-ноябрына чейин «Дельфи  Оюндары Улуу Жибек Жолунда!» Маданий-агартуу долбоорунун алкагында башталат. («Улуу Жибек Жолундагы Дельфи оюндары!») КМШ Дельфи  кыймылынын 20 жылдыгына арналган. 2022-жылдын 26-октябрында саат 10.00дөн 17.00гө чейин катышуучуларды, ардактуу конокторду жана эл аралык калыстар тобунун мүчөлөрүн аккредитациялоо өткөрүлөт.

Бул долбоордун максаты – маданиятты жайылтуу жана ата мекендик практикада искусствонун, чыгармачылыктын, аткаруучулук ишмердүүлүктүн ар кандай түрлөрү боюнча таланттуу жаштар үчүн фестиваль сынактарын өткөрүү үчүн шарттарды түзүү, ири эл аралык жайлардагы жаш искусство лидерлерин аныктоо жана андан ары колдоо көрсөтүү болуп саналат.

Сынактар классикалык, элдик жана заманбап искусствонун 12 номинациясында, анын ичинде ар кандай багыттарды жана жанрларды камтыйт, ар бир номинация боюнча алтын, күмүш жана коло медалдардын ээлери аныкталат.

Катышууга Кыргызстандын, Казакстандын, Россиянын жана башка өлкөлөрдүн маданият, искусство, билим жана илим ишмерлери чакырылган.

Баяндамачылар ийгиликтин формуласы, жаштарды жаңы позитивдүү жетишкендиктерге шыктандырган кызыктуу тажрыйбалар менен бөлүшүшөт.

Биринчи Бишкек Дельфи  оюндарынын жыйынтыгы боюнча үстүбүздөгү жылдын 1-ноябрында тегерек стол өткөрүлөт, анда Дельфи кыймылынын өнүгүү тенденцияларын жана болжолдуу маселелерин кароо пландаштырылууда. Улуттук маданияттын жана искусствонун артыкчылыктарынын динамикасын аныктоо искусствонун жогорку форуму катары өлкөдөгү дельфи кыймылдын туруктуу негизде андан ары өнүгүшүнө өбөлгө түзөт.