“Бишкек троллейбус башкармалыгы” муниципалдык ишканасында мыкты айдоочу кароо сынагы өттү.

Мелдештер башкармалыктын автобазасынын  полигонунда өткөрүлдү. Мелдеш эки этап менен өттү. Биринчи бөлүктө айдоочулар жол эрежесин, кызматтык нускамаларды жана техникалык маселелерди билүү боюнча тест тапшырышты. Теориялык негиздерден өткөндөн кийин айдоочулар тосмо жолдон өз өнөрлөрүн көрсөтүшүп, троллейбусту айдоо чеберчилигин көрсөтүштү.

Сынактын негизги максаты — жүргүнчүлөрдү тейлөөнүн сапатын жана маданиятын жогорулатуу, ишенип берилген техниканы жана жүргүнчүлөрдү сыйлоо болуп саналат. Мелдештин катышуучулары үчүн бул алардын кесиптик чеберчилик деңгээлин жогорулатууга мүмкүнчүлүк берет. 1-2-3-орундарды ээлеген айдоочулар автоматтык түрдө биринчи класстык даражага өтүшөт. Мыкты троллейбус айдоочусу деген наам үчүн 14 айдоочу күрөштү. Мелдештин жыйынтыгында 1-орунду №7 троллейбустук каттамдын айдоочусу жана бригадири Мирлан Огонбаев, 2-орунду №10 каттамдын айдоочусу жана бригадири Нургазы Жумадилов, 3-орун  №8 каттамдын айдоочусу Жумабек Кендирбаев ээледи.

Эске салсак, 28-октябрь Кыргыз Республикасынын автотранспорт жана жол кызматкерлеринин күнү катары белгиленет.