Бишкек шаарынын мэриясынын 2022-жылдын 25-октябрындагы № 216-р буйругу менен борбор калаанын аймагында 2022-2023-жылдарга жылуулук берүү мезгили 26-октябрдан тарта башталат.

Бишкек шаарынын ЖЭБине, «Электр станциялары» ачык акционердик коомунун филиалына, «Бишкекжылуулукэнерго» коммуналдык ишканасына, ведомстволук отканалардын жетекчилерине жылуулук жабдууларын, жылуулук тармактарын ишке киргизүүнү жана жылуулукка кошууну камсыз кылуу тапшырылды.

Алгач:
- ооруканалар, балдар бакчалары, мектептер, төрөт үйлөр жана социалдык коргоо мекемелери;
- объекттин кышкы шарттарда иштөөгө даярдыгынын актысы бар турак жай имараттарына, өнөр жай ишканаларына жана мекемелерине жылуулук берилет.

Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык администрацияларына, Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун Бишкек аймактык башкармалыгына, Шаардык саламаттыкты сактоо башкармалыгына, Билим берүү башкармалыгына, Маданият, спорт, туризм жана жаштар иштери боюнча департаментине мурда керектелген жылуулук энергиясы үчүн карыздарды төлөөнү камсыз кылуу жана түзүмдүк объекттерди жылуулук менен өз убагында камсыз кылуу тапшырылды.