Свердлов районунун аймагында көчөлөрдү жана тротуарларды капиталдык оңдоо иштери эки багытта уланууда.

Кытай грантынын алкагында жалпы узундугу 3,4 км болгон төмөнкү 2 көчө пландалууда:

- Гидростроительная көчөсүндө Эне-Сай конушунун батыш тарабындагы Аламүдүн дарыясы аркылуу өтүүчү көпүрөнүн курулушу менен реконструкциялоо иштери толугу менен аяктап, Курманжан-Датка көчөсүнөн Аул көчөсүнө чейин тротуарлар жана дренаждык арыктар төшөлдү.

- Шабдан Баатыр проспектисинин (Чүй проспектиси) Ауэзов көчөсүнөн Учкун конушунун аягына чейин канализация тармактарын куруу иштери аяктады. Учурда 2 катмар асфальт төшөлүп, дренаждык ирригацияны, тротуарларды куруу иштери жүрүп жатат.

«Бишкекасфальтсервис» муниципалдык ишканасы аркылуу 2022-жылга бекитилген титулдук тизмеге ылайык төмөнкү даректерде фрезерленген асфальттоо иштери бүткөрүлдү:

- Нооруз көчөсү, Бакай-Ата темир жол станциясы;
- Арычная көчөсү;
- Широкая көчөсү;
- Донская көчөсү;
- Ереванская көчөсү;
- Кожовенная көчөсү;
- Майлысай көчөсү;
- Гулчинская көчөсү;
- Арал көчөсү;
- Чыгыш автобекети;
- «Чыгыш-5» кичирайону, №13, 17/2, 18/2 көп кабаттуу үйлөргө кирүүчү жол.

Мындан тышкары, Баетов көчөсү Абдрахманов көчөсүнөн Үсөнбаев жана Фрунзе көчөлөрүнүн кесилишине чейин оңдоо иштери жүргүзүлдү.

Мадина базарынын түштүк тарабындагы жол кеңейтилди (7-апрель көчөсү менен темир жолго чейин). Ибраимов-Бөкөнбаев кесилишинин чыгыш жана батыш тарабынан Түгөлбай-Ата көчөсүнө баруучу кошумча жолду кеңейтүү жана асфальттоо иштери жүргүзүлдү.

Луганский, Карский, Өзгөн, Фирсов көчөлөрүндө жана Донская чолок көчөсүндө асфальт төшөө иштери аяктады. Фере көчөсүндө дренаждык лотокторду жана бордюрларды орнотуу, ошондой эле жолду асфальттоого даярдоо иштери жүрүп жатат.

Дзержинский, Никитин, Каджисай, Пархоменко, Дачная, Суворов көчөлөрүндө жол куруу иштери башталды. Магаданская көчөсүн куруу үчүн учурда суу түтүктөрүн оңдоо иштери жүрүп жатат.

Ошондой эле, жолдорго шагыл төшөө үчүн «Бишкекасфальтсервис» МИнин титулдук тизмесине узундугу 8975 км болгон 20 көчө киргизилген.

Бүгүнкү күндө Ак-Бата конушунун №20, 11, 10 көчөлөрүнө, Дордой-2 конушунун 12, 7, 5 көчөлөрүнө, Кайыңды-Шоро жана «Кайыңды-Чалбай конуштарындагы Керчен, Суворов көчөлөрүнө шагыл төшөө иштери жүргүзүлдү.

Мындан тышкары, Абдрахманов көчөсү менен Жумабек көчөсүнөн Жибек-Жолу проспектисине чейин, Жибек-Жолу проспектисинде Үсөнбаев көчөсүнөн Тоголок Молдо көчөсүнө чейин, Киев көчөсү Шопоков көчөсүнөн Абдрахманов көчөсүнө чейин (батыш жана чыгыш тарабы), Шопоков көчөсү Москва көчөсүнөн Токтогул көчөсүнө чейин тротуарлар салынууда.  

Ошондой эле, Жибек-Жолу проспектиси  Абдрахманов көчөсүнөн Ибраимов көчөсүнө чейин (түштүк тарабы) тротуарларды оңдоо иштери жүрүп жатат.

Чүй проспектисинин Абдрахманов көчөсүнөн Ауэзов көчөсүнө чейин, Гоголь көчөсү Жумабек көчөсүнөн Бөкөнбаев көчөсүнө чейин, Элебесов көчөсү Аул көчөсүнөн Жибек-Жолу проспектине чейин, Ибраимов көчөсү Түгөлбай-Ата көчөсүнөн Бөкөнбаев көчөсүнө чейин, Шопоков көчөсү Токтогул көчөсүнөн Фрунзе көчөсүнө чейин жамоо иштери жүргүзүлүүдө.