Шаар тургундарынын ыңгайлуулугу үчүн “Бишкексууканал” өндүрүштүк-эксплуатациялык башкармалыгы муздак сууну эсептегичтерден көрсөткүчтөрдү алуу үчүн автоматташтырылган системаны колдонот.
Ар бир айдын 20-күнүнөн баштап эсепке алуу приборлорунун көрсөткүчтөрүн так жөнөтүү зарыл.
Бүгүнкү күндө сиз төмөнкү ыкмаларды колдонуу менен суунун көрсөткүчтөрүн жөнөтө аласыз:
• http://voda.link.kg/ сайты аркылуу күнү-түнү;
• 1533 телефону боюнча ишкананын Call-борбору аркылуу;
• WhatsApp - BOT тиркемеси аркылуу төмөнкү номерлер боюнча: 0772 00 15 33, 0554 69 99 51;
• Telegram BOT тиркемеси аркылуу: 0772 00 15 33.
Көрсөткүчтөрдү жөнөтүүдө өздүк эсепти дагы жөнөтүү зарыл.
Абонент ай сайын муздак жана ысык суунун көрсөткүчтөрүн жиберип турууга милдеттүү.