Арча-Бешик конушунун спорттук-ден соолукту чыңдоо  комплексинде социалдык маселелер боюнча вице-мэр Виктория Мозгачеванын жана Маданият, спорт, туризм жана жаштар иштери боюнча департаментинин директору Мирлан Пархановдун  катышуусунда 2022-2023- Мектеп лигасынын салтанаттуу ачылышы болуп өттү.

Ачылыш парадга мектеп окуучулары жана дене тарбия мугалимдери, райондук билим берүү борборлорунун өкүлдөрү катышты.

Салтанаттуу ачылышка Бишкек шаарынын Свердлов, Биринчи май, Октябрь жана Ленин райондорунун орто мектептеринин окуучуларынын арасынан райондук жана шаардык мелдештердин жеңүүчүлөрү болгон жаш спортчулар чакырылган.

Ачылыш аземи кыргыз эстрада жылдыздарынын концерттик программасы жана жаш футболчулардын көрсөтмөлүү оюну менен коштолду.

Эскерте кетсек, Мектеп лигасынын алкагында спорттун 11 түрү боюнча мелдештер өткөрүлүп, анда Бишкек шаарынын 100дөн ашык жеке, орто мектептери жана гимназиялары катышып, жалпысынан 15 миңге жакын мектеп окуучулары камтыйт.