Урматтуу шаар тургундары! «Тазалык» муниципалдык ишканасы кайрадан катуу тиричилик таштандыларын чыгарууда Октябрь районун тейлей баштады.
Белгилей кетсек, 29-октябрдан тарта «Комтранском» жеке ишканасы Октябрь районун тейлөөнү токтоткон, ага байланыштуу таштандылар чогулган. Жогорудагы компания 2016-2022-жылдар аралыгындагы топтолгон 12 миллион сом карызы үчүн келишимди бузуп, районду тейлөөдөн баш тарткан.

Октябрь районунун муниципалдык аймактык башкармалыктарында төмөнкүдөй карыздар чогулган:
№6 МАБ - 4 276 491,62 сом;
№7 МАБ - 1 247 551,9 сом;
№8 МАБ - 1 947 500,3 сом;
№9 МАБ - 1 248 635,24 сом;
№10 МАБ - 2 169 027,88 сом;
No 11 МАМ - 1 181 396,72 сом.
Бардыгы 12 070 603, 66 сом.

Маалымат үчүн: бир адамга айына болгон төлөм 22,50 сомду түзөт.
Учурда Октябрь району боюнча линияда 17 даана атайын техника иштеп, 133 тонна таштанды чыгарылды.