Бүгүнкү күндө муниципалдык ишкананын кызматкерлери Эркиндик бульварында жайгашкан стенддерди жана балдар аянтчаларын тазалоо жана сырдоо иштерин улантууда.
Тазалоо жана косметикалык иштерге ишкананын 5 кызматкери тартылган.
Тазалыкчылар айнекти тазалап, 26 стендди, селкинчектер жана тайгактарды, ошондой эле отургучтарды жана таштанды челектерин сырдашты.
Мындан тышкары ишкананын кызматкерлери Өкмөт аянтындагы отургучтарды, урналарды иретке келтиришти.
Урматтуу шаардыктар, борбор калаанын мэриясы сиздерден шаардын мүлкүнө жакшы кам көрүүнү жана шаардык кызматтардын кызматкерлеринин эмгегин сыйлооңуздарды чын дилинен суранат.
Эркиндик бульварлары жаны түстөр менен жаркырайт!