Биринчи май районундагы №75 жаңы мектептин актовый залында мектептерди жана мектепке чейинки билим берүү уюмдарын (БМБ) алдыдагы суук мезгилге даярдоо боюнча жумушчу жыйын өттү.

Райондун башчысы Максатбек Сазыкулов мектептердин жана мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын  директорлору, «Бишкекжылуулуктармагы» ачык акционердик коомунун жана «Бишкекжылуулукэнерго» коммуналдык ишканасынын өкүлдөрү менен биргеликте жылытуу мезгилин талкуулады.

Жыйында жылуулук берүүнүн жүрүшү, ал эми жылуулукту үзгүлтүксүз камсыздоого керектүү техникалык иштер кадимки тартипте жүрүп жатканы белгиленди.

Ошол эле учурда аким жылытуу мезгилине даярдык көрүү боюнча билим берүү мекемелерине көчмө жыйын өткөрүүнү улантууда.

Белгилей кетсек, райондогу мектептерди жана бала бакчаларды жылытуу «Электр станциялары» ААКсы, «Бишкекжылуулуктармагы» ААК жана «Бишкекжылуулукэнерго» коммуналдык ишканасы (21 откана, анын ичинен 5 көмүр, 12 жаратылыш газ, 4) аркылуу камсыздалат.