Алдыдагы Маалымат жана басма сөз күнүнө карата мектеп окуучулары үчүн жалпыга маалымдоо каражаттарына экскурсия уюштурулду. Аталган иш-чара Кыргыз Республикасынын Президентинин «Руханий-адептик өнүгүү жана дене тарбиясы жөнүндө» Жарлыгын аткаруу максатында өткөрүлдү.

Ленин районундагы төрт мектептин журналистикага жана радиожурналистикага кызыккан окуучулары ЭЛТР, КТРК жана 5-канал телеканалдарына жана «Марал» радиосуна барып, журналисттердин ишмердүүлүгү менен таанышышты.

Окуучулар ар бир каналдын тарыхы, ишмердүүлүгү, чыгармачылык топтордун аткарган иштери тууралуу пайдалуу билим ала алышты.

Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү, борбор калаанын мэриясы сиздерди келе жаткан кесиптик майрамыңыздар менен куттуктайт.