ЧЧКнын боюнда жаңы темир тосмолор орнотулат.

Шаардыктардын коопсуздугу үчүн «Тазалык» муниципалдык ишканасы тарабынан Чоң Чүй каналынын боюна орнотула турган темир тосмолор жасалды.

Свердлов районунун акимчилигинин демилгеси менен ишкананын базасында тазалыкчылар темир тосмолорду чыгара башташты.

ЧЧКнын түштүк тарабына Курманжан Датка көчөсүнөн Төрөкул Айтматов көчөсүнө чейин узундугу 180 метрди түзгөн жаңы тосмолор орнотулат.

Урматтуу шаардыктар! "Тазалык" муниципалдык ишканасы боюнча суроолоруңуз болсо, төмөнкү социалдык тармактарга кайрылыңыз: https://www.facebook.com/
https://instagram.com/mp_tazalyk_bishkek?igshid=YmMyMTA2M2Y=
https://www.tiktok.com/@mp_tazalyk?_t=8WO6Z98DLKT&_r=1