Мэриянын Жеке турак-жай куруу жана шаар курулушу  депарматентинде токтомдун негизинде шаардын райондук администрацияларында жер мунапысын  өткөрүү боюнча комиссиясынын  ишин баштаган.

Свердлов району боюнча 35  маселе каралып, анын 24тү  оң жагына чечилип, 11 маселе «Бишкекбашкыархитектура» мамлекеттик мекемесине  жана «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин Бишкек филиалына баштапкы документтерди тактоо үчүн жиберилген.

Октябрь району боюнча 35 маселе каралды,  анын ичинен 27 маселе оң чечилип, 8 маселе “Бишкекбашкыархитектура”  жана “Кадастр” мамлекеттик мекемелерине   жөнөтүлгөн.

Урматтуу шаардыктар! Документтер күн сайын саат 9:00дөн 18:00гө чейин Туңгуч кичирайону, 57 дарегинде  кабыл алынат. (Жеке турак-жай куруу жана шаар куруу департаменти)

Байланыш телефондору: 0312 979297, 0312 97 94 54.