Бишкек шаарынын мэриясынын Мамлекеттик тилди өнүктүрүү бөлүмү жумушка жаңы кабыл алынган адистери арбын

Бишкек шаарын өнүктүрүү жана инвестицияларды тартуу агенттигинин кызматчылары үчүн “Кыргызтест” тестин тапшырууга даярдык көрүү максатында окуу тренинг өткөрдү.

Катышуучулар баамдоо тесттерди аткарып, сүйлөө жана жазуу субтесттеринин темалары боюнча даярданышты.  

Окуу тренингди Бишкек шаарынын мэриясынын Мамлекеттик тилди өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Э.К. Низбекова өттү.

Аталган иш-чара Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 21-ноябрындагы №757 “Административдик кызмат орундарын ээлеген мамлекеттик жарандык кызматчылардын жана муниципалдык кызматчылардын мамлекеттик тилди өзүнүн кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн керектүү көлөмдө билүү деңгээлин белгилөө жана аны мамлекеттик органдар менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишине киргизүү мөөнөтү жөнүндө” токтомун, «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамын ишке ашыруу максатында өтүлдү.