Октябрь райондук муниципалдык администрациясы  Билим берүү борбору, Республикалык педагогикалык кадрлардын квалификациясын жогорулатуу институтун  жана «Балалык институтунун» директору Джакубова Н.И.нын   менен биргеликте   жашы  жете электердин арасында укук бузууларды алдын алуу боюнча тренинг өткөрүлдү. Иш-чара  социалдык педагогдордун кесиптик компетенттүүлүгүн жогорулатуу максатында 2022-жылдын 2-ноябрынан 9-ноябрына чейин №71 мектеп-интернатында уюштурулду.

Бул потенциалды жогорулатуу тренингине 18 социалдык педагог жана 15 мектеп директорлорунун тарбия иштери боюнча орун басарлары катышууда.

2022-2023-окуу жылынын башына карата Октябрь районунун билим берүү уюмдарында 34 547 окуучу билим алууда. Социалдык жактан аярлуу жана оор турмуштук кырдаалда турган үй-бүлөлөрдүн катарына 6782 бала кирет. Мектептеги укук бузууларды алдын алуу максатында мектеп ичинде район боюнча 152 окуучу каттоодо турат.

Октябрь райондук билим берүү борборундагы тактоодо бир социалдык педагогго 1500 окуучуну кароо туура келет, бул балдар менен жекече профилактикалык иштер мүмкүнчүлүккө жараша ырааттама менен жүргүзүүлүүдө.

Семинарда соцпедагогдор окуучулар менен алардын ата-энелеринин ортосундагы мамилени туура багытто менен класс жетекчилер аркылуу ар түрдүү багыттагы иштерди алып барышууда. Ал эми бул тренингде окуучулардын жана ата-энелердин көйгөйлүү шарттарын чечүүгө жана жашы жете электерге ар тараптуу жардам көрсөтүүгө көмөк көрсөтүү боюнча усулдук көндүмдөрдү ала алышат. Турмуштук оор кырдаалда турган балдары бар үй-бүлөлөргө жана мыйзам аркылуу чыр-чатакка кабылган балдарга социалдык колдоо көрсөтүлөт.