“Бишкек троллейбус башкармалыгы” муниципалдык ишканасынын кызматкерлеринен турган комиссия кыймылдуу курамды текшерди.
Тактап айтканда, транспорттун санитардык абалы, айдоочулардын жумуш учурунда жүрүм-туруму, санитардык каражаттардын жана беткаптардын болушу текшерилди.
Мындан тышкары айдоочулар иш учурунда наркологдордун текшерүүсүнөн өтүштү.
Жол эрежесин сактабаган, троллейбусту талаптагыдай санитардык абалда кармабаган айдоочуларга эскертүүлөр берилди.
Текшерүү саат 08:00дөн 11:00гө чейин жүргүзүлдү.