Борбор калаанын муниципалитетинин жыйындар залында муниципалдык менчик жана жер пайдалануу боюнча вице-мэри Нурдан Орунтаевдин катышуусунда маалымат жыйыны өткөрүлдү.

Вице-мэр журналисттерге борбор калаада жерлерге мунапыс берүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат берди.

«Бишкек шаарынын аймагында мыйзамсыз курулган 9582 объектинин жарымынан көбү мыйзамдаштырылууга тийиш. Бүгүнкү күндө 4073 документ кабыл алынды», - деди вице-мэр.

Борбор калаабызда жер мунапысы боюнча биринчи комиссия өтүп,  анда 140 маселе каралып, анын 103ү жактырылып, 36сы кийинкиге жылдырылгандыгын жана  1 документ  четке кагылгандыгын белгилеп, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнүн суроолоруна жооп берди.

Ошондой эле маалымат жыйынына Муниципалдык мүлктү башкаруу департаментинин директорунун  орун басары Азамат Кадыров, Жеке турак жай курулушу жана шаар куруу департаментинин директору  Койчугул Ибрагимов жана Көрктөндүрүү жана жер пайдаланууну көзөмөлдөө боюнча муниципалдык инспекциясынын башчысынын орун басары Уран Мусаев катышты.

Жер мунапысы үчүн арызга төмөнкү документтер тиркелет:

- арыз ээсинин инсандыгын ырастоочу документтердин көчүрмөсү
- жер участогуна укукту күбөлөндүрүүчү документтердин көчүрмөсү (бар болсо)
- техникалык паспорттун көчүрмөлөрү;
- нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн өкүлдөрдүн ишеним каты;
- объектти алуу фактысын ырастоочу документтер (бар болсо) (жерге мунапыс объектисин сатып алууну ырастоочу документтер же тиешелүү квитанциялар, коммуналдык кызматтар үчүн төлөм квитанциялары, жер салыгын төлөгөндүгү жөнүндө квитанциялар, ишеним каттар жана башка тиешелүү документтер. жер амнистиясынын объектилерине);
- калктуу конуштардагы жер участокторуна чектеш жерди пайдалануучулардын жазуу жүзүндөгү макулдугу.

Комиссия тиркелген документтер менен арыздарды кабыл алып, аларга тиешелүү корутундуну даярдоо үчүн «Бишкекбашкыархитектура» мамлекеттик мекемесине жөнөтөт.

"Бишкекбашкыархитектура" мамлекеттик мекемеси тиешелүү корутундуну даярдайт же тиешелүү корутундуну даярдоодон баш тартат жана комиссиянын кароосуна ага тиркелген бардык материалдар менен арыз ээсине тиешелүү корутунду берет.

Комиссия ага тиркелген бардык материалдар менен корутундуларды алгандан кийин элге маалымдоо жол-жобосу менен  жер мунапыс объекттеринин тизмесин жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жөнөтөт.

Комиссиянын жалпыга маалымдоо жол-жобосунун натыйжалары боюнча мунапыс объекттерине менчик укугун камсыз кылуу же камсыз кылуудан баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алат, ага комиссиянын бардык катышкан мүчөлөрү жана катчысы кол койгон протокол түзүлүп, комиссия түзүп  3 жумушчу күндүн ичинде жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жөнөтөт.

Бишкек шаарынын административдик райондору 5 жумушчу күндүн ичинде мунапыс объектилерине жер укуктарын камсыз кылуу жөнүндө чечим кабыл алат. Жерге мунапыс объекттерине менчик укугун белгилөө жөнүндө администрациялык райондордун токтомдору укук ээсине өткөрүлүп, көчүрмөсү Бишкек шаардык «Кадастр» мамлекеттик мекемесине өткөрүлүп берилет.

Мунапыс объекттерине болгон укуктарды каттоо "Кадастр" мамлекеттик мекемеси тарабынан белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.

Жер мунапысы объектисине укуктар мамлекеттик каттоодон өткөн жана жер участогуна укук белгилөөчү документ берилген учурдан тартып жерге мунапыс берүү аяктады деп эсептелет.