Бишкек шаарынын мэриясынын Мамлекеттик тилди өнүктүрүү бөлүмү Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаментинин кызматкерлери үчүн иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүү боюнча “Иштиктүү кыргыз тили” деген аталыштагы окуу семинарын өткөрдү.

Окуу семинарда иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүү, Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама жана кыргыз тилинин жазуу эрежелери каралып, катышуучулар практикалык иштерди аткарышты.

Аталган иш-чара “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

2020-жылдын 3-мартындагы №120 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускаманы”, Бишкек шаарынын мэриясынын 2022-жылдын 6-июлундагы №116 “Бишкек шаарынын мэриясынын 2022-2025-жылдарга карата мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана тил саясатын өркүндөтүү боюнча иш-чаралар планын бекитүү жөнүндө” токтомун жана Бишкек шаарынын мэриясынын 2022-жылдын 20-июлундагы №135-б буйругун ишке ашыруу максатында өтүлдү.