Борбор калаада жолдорду жана тротуарларды куруунун алкагында кулаган объектилерди бузуу иштери уланууда.
Тактап айтканда, Биринчи май районунун аймагында Жибек-Жолдун боюндагы Исанов менен Тоголок Молдонун ортосундагы мыйзамсыз тосмолор демонтаждалган.
Түшүндүрүү иштеринен кийин унаа жуучу жайдын 2 тосмосу өз ыктыяры менен алынып, «Самира» кафесинин тосмосу демонтаждалды.
Урматтуу шаар тургундары, ишкерлер! Курулуш эрежелерин сактаңыз, антпесе бузулат.