Борбор калаанын мэри Эмилбек Абдыкадыров менен Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Куванычбек Конгантиев “Бишкек шаарынын ардактуу атуулу” наамын ыйгарды.
Бишкек шаардык кеңешинин 2022-жылдын 29-сентябрындагы № 52 токтому менен 2021-жылга «Бишкек шаарынын ардактуу атуулу» наамы төмөнкү жарандарга ыйгарылды:
- Аматов Рысбай Аматович - Бишкек шаардык кеңешинин 3 чакырылышынын депутаты, Бишкек шаардык кеңешинин турак жай-коммуналдык чарба, отун-энергетикалык комплекси, транспорт, коммуникациялар жана экология боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы;
- Жумабаев Буркан - Кыргыз Республикасынын байланыш тармагына эмгек сиңирген ишмер, «Кыргыз Республикасынын байланыш ардагерлери» коомдук бирикмесинин төрагасы;
- Исмаилов Сайдахмат Аблезович - Бишкек шаардык кеңешинин 3 чакырылышынын депутаты, Бишкек шаардык кеңешинин «Ишеним» фракциясынын лидери;
- Малаев Нимат Саидович - Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген дарыгери, Мамлекеттик тез жардам клиникалык ооруканасынын шаардык ЛОР - бөлүмүнүн башчысы, Бишкек шаарынын башкы отоларингологу;
- Мусаев Абдулда Инаятович – Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнө эмгек сиңирген ишмер, билим берүүнүн отличниги, филология илимдеринин доктору, профессор, К. Карасаев атындагы БМУнун ректору;
- Сариев Таалайбек Жолдошбаевич - Бишкек шаардык кеңешинин 3 чакырылышынын депутаты, Бишкек шаардык кеңешинин экономика, бюджет, финансы жана инвестициялар боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы;
- Эргешов Казыбек Кочкорович – Бишкек шаардык кеңешинин 3 чакырылышынын депутаты, Бишкек шаардык кеңешинин “Ынтымак” фракциясынын лидери.
Борбор калаанын мэриясы сыйлык ээлерин куттуктап, мындан аркы ийгиликтерди каалайт.