Бишкектин төрт районунун акимдери  «Тазалык», «Бишкекжашылчарба» жана «Бишкексуучарба» муниципалдык ишканаларынын жетекчилери менен биргеликте Бишкектин райондорун өнүктүрүүнүн пландарын талкуулашты.

Семинардын катышуучулары, атап айтканда, көрктөндүрүү жана санитардык тазалоо, аймактарды тазалоо, Бишкек шаарынын тазалыгын жана тартибин камсыз кылуу жана катуу тиричилик таштандыларын чогултууну жакшыртуунун жаңы ыкмаларын талкуулашты.

Жыйындын жыйынтыгында шаарды санитардык тазалоо жана көрктөндүрүү боюнча биргелешкен иштерди улантуу, ошондой эле тазалыкты жана тартипти сактоо боюнча шаардыктарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүү чечими кабыл алынды.