№95- мектеп-гимназиясында хореографиялык залдын ачылышы болду.

Ачылыш аземине Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министри Уланбек Мамбетакунов, КЭРдин Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Ду Дэвэн жана Ленин РБББнун директору Таалайгүл Темирканова катышты.

Балдар «Достук» бий номерлерин көрсөтүп, жолугушуунун аягында эстелик үчүн сүрөткө түшүштү.