Жөө жүргүнчүлөрдүн жана айдоочулардын коопсуздугу үчүн жаңы светофорлор орнотулат.

Бишкек шаарынын мэриясынын Транспорт жана  жол-транспорттук  инфратүзүмдү  өнүктүрүү департаменти  7 жол чырак курууга тендер өткөрдү. Жол чырактар  төмөнкү кесилиштерге орнотулат:

- Л. Толстой көч., – М. Ауэзов көч;
- Профсоюзная көч.,– Бородина көч;
- И. Ахунбаев көч.,- К. Тыныстанов көч;
- Шералиев көч.,-Куюкова көч;
- Салиева көч.,-Буденный көч;
- Манас көч., -Кокчөтай көч;
- Сухэ-Батор көч., -7-Апрель көч.

Белгилей кетсек, жарандардын келип түшкөн кайрылууларынан улам, И.Ахунбаев жана К.Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан светофор объектисинде аудио коштоочу  аппарат (ЖБК) орнотулат.  

Жол чырактар 2022-жылдын ноябрь айынын аягына чейин бүткөрүлүп, ишке киргизилет.

Белгилей кетсек, быйыл борбор калаага 31 жаңы светофор орнотулуп, жыл аягына чейин дагы 11 жол чырак орнотуу пландалууда.