«Бишкекжарык» муниципалдык ишканасы «Рухий-Мурас» жаңы конушундагы мектептин аймагына жарыктандыруу тармактарын курду.

Ишкананын бригадасы 25 даана бетондук негиздерди, ошончолук сандагы чырактарды  жана темир таянычтарды орнотту.

Белгилей кетсек, бетон негиздери, темир таянычтары ишкананын өздүк цехинде чыгарылат.

Мектептин аймагын сырткы жарыктандыруу окуучулар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүдөгү эң маанилүү милдет болуп саналат.

Урматтуу шаардыктар! Эгерде сиздин көчөдө капыстан караңгы болуп калса, ишкананын авариялык-диспетчердик кызматы ар дайым кызматта: (0312) 46-30-89, 57-63-51, WhatsApp: 0777 902-115.

"Бишкекжарык" МИсы  социалдык тармактарда:

Фейсбук: https://www.facebook.com/Bishkeksvet312
Instagram: @mp_bishkeksvett
Twitter: @Bishkeksvet

Жазыңыздар, чалыңыздар! Биз ар дайым байланыштабыз! Сураныч, өзүңүзгө жана жакындарыңызга кам көрүңүздөр!