“Калыс-Ордо” конушунун №86 мектебинде жана  «Мурас-Ордо» конушунун №99 мектебинде  жаңы кичи футбол аянтчаларынын ачылышы болду.

Ачылыш аземге Биринчи май районунун акими Максатбек Сазыкулов, Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев, БШКнын депутаттары Казыбек Эргешов, Максат Алымбеков, Мийзамидин Калыков, Таалайбек Сариев, Гүлназ Халилова, Улан Сариев, мектеп директорлору жана конуштун жашоочулары катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө кичи футбол, волейбол, аркан тартыш, шахмат, армрестлинг, жеңил атлетика боюнча спорттук мелдештер өткөрүлдү.