Бишкек шаарынын мэриясынын Көрктөндүрүү боюнча муниципалдык инспекциясы тазалык тартиптеринини сакталышына көзөмөлдү күчөтүүдө.

Тазалык тартибин сактабагандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын “Укук бузуулар жөнүндө” кодексинин 114-беренесине ылайык, Жал кичи районундагы “Ата Бей Групп” курулуш компаниясы, “Партнер Ойл” ЖЧКсы, Поваренская көчөсүндөгү «Алтын курулуш» компаниясы, Т.Фрунзе көчөсүндөгү «Кут» курулуш компаниясы,  Лущихин көчөсүндөгү “Фами Кола” компаниясы жана шаар тургуну Байкушев А.С. көчөдөгү антисанитардык абал үчүн жоопко тартылышты.

Ушул кодекстин 115-беренеси боюнча, тиричилик жана курулуш таштандыларын белгиленбеген жерлерге чыгаргандыгы үчүн Чокморов көчөсүнүн тургуну Байназаров К.А., Токомбаев көчөсүнүн жашоочусу Каленов С., Токтогул көчөсүндөгү «Аалам» ишканасы дагы жооп тартышат.

Ошондой эле 177-берене боюнча, жол курулушуна зыян келтиргендиги үчүн Көлмө конушундагы Сейил көчөсүн бойлой «Арай» ишканасы, Ростовская көчөсүндөгү №72б дарегинин тургуну Кыдыралиева Б., Шопен көчөсүндөгү «Элит Газ» ишканасы да жоопкерчиликке тартылат.

Ал эми 434-беренесине ылайык, таштанды ташып чыгуу боюнча келишим түзүү буйругун аткарбагандыгы үчүн Токтогул көчөсүндөгү «Гемотест KG» ишканасына протокол түзүлдү.

Иштер акыркы өкүм чыгаруу үчүн административдик комиссиянын кароосуна жиберилди.

Ошондой эле, муниципалдык инспекция борбор калааны көрктөндүрүү боюнча эрежелерди бузуунун бардык катталган фактылары боюнча тартип бузгандардын күнөөсүн мойнуна алган-мойнуна албаганына карабастан, жаза колдонуу жөнүндө протоколдор түзүлөрүн эскертет.