Жерди пайдаланууну көзөмөлдөө боюнча муниципалдык инспекциясы борбор калаадагы мыйзамсыз объектилерди алууну улантууда.

Күн сайын адистер объекттерди орнотуунун мыйзамдуулугун текшерип, белгиленген мыйзам бузуулар боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, муниципалдык жердин объектисинен ыктыярдуу бошотуу жөнүндө билдирүүлөр берилүүдө.

Алсак, Түштүк-Батыш көрүстөнүнө мыйзамсыз орнотулган 40 тонналык контейнер, Т.Молдо көчөсүнө орнотулган күркө, Байтик Баатыр атындагы сейил багындагы темир тосмолор, 7-кичирайонундагы №15/2 жана №15 үйлөрүнүн боюндагы бала бакчаларынын тосмолору алынып салынды.

Ошондой эле борбордун көркүн бузган жарнама конструкцияларын, баннерлерди жана көрнөктөрдү демонтаждоо иштери кызуу жүрүүдө.

Бир жуманын ичинде эле эки миңден ашык мындай баннерлер демонтаждалган. Борбор калааны уруксатсыз жарнамадан тазалоо күчөтүлгөн режимде уланууда.