Борбор калаанын акимчиликтеринде пландуу жыйындар өттү.

Ленин районунун акими Русланбек Тагаевдин төрагалыгы алдында райондук кызматтардын жетекчилери, МАБдын жетекчилери жана Бишкек шаарынын мэриясынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн өкүлдөрүнүн катышуусунда пландык жыйын өттү. Катышуучулар СПИД инфекциясынын алдын алуу жана аны жеңүү боюнча иштерди карап чыгышты.


Аким кызматтарга шаардык СПИДдин алдын алуу жана ага каршы күрөшүү борбору менен биргеликте социалдык маанилүү жана өзгөчө коркунучтуу жугуштуу оорулардын алдын алуу, эрте аныктоо, бейтаптарды сапаттуу дарылоо жана реабилитациялоо боюнча бардык зарыл болгон иш-чараларды жүргүзүүнү тапшырды. «Тазалык» МИна райондун борбордук көчөлөрүндөгү жана калктуу конуштардагы таштандыларды чыгарууну өз убагында жүргүзүүнү тапшырды.
Ошондой эле, Биринчи май акимиатында башчынын биринчи орун басары Райым Жолдошовдун жетекчилиги алдында пландуу жыйын өттү. Анда жетекчинин орун басарлары, шаардык жана райондук кызматтардын, МАБдын жетекчилери катышышты.


Райондук социалдык фонддун 2022-жылдын 10 айында аткарылган иштери жана 2023-жылга пландары боюнча Кыргыз Республикасынын «Укук бузуулар жөнүндө» кодексине ылайык түзүлгөн протоколдор, катуу таштандыларды чыгаруу, бак-дарактарды кыюу, жашыл жерлерди кыркуу жана чабуу боюнча отчету угулду.


Жыйынтыгында, МАБдын кызматкерлеринин укук бузуулар боюнча протоколдорду түзүү боюнча компетенциялары жөнүндө маселени кароо, катуу таштандыларды чыгаруу графигин калкка маалымдоо, катуу отунду (көмүрдү) сатуу боюнча пункттардын санитардык абалын көзөмөлдөө, бак-дарактарды санитардык бутоо боюнча иштерин жүргүзүү үчүн «Бишкекжашылчарба» муниципалдык ишканасына, таштанды чыгаруу боюнча келишим түзбөгөн чарба жүргүзүүчү субъекттердин тизмелерин өткөрүп берүү боюнча  «Тазалык» муниципалдык ишканасына тапшырма берилди.