Бишкекте Ленин жана Октябрь райондорунда коомдук тамактануу жайларына рейддик текшерүүлөрдү жүргүзүү иштери болду. Ведомстволор аралык комиссия 5 коомдук тамактануучу жайга текшерүү иштерин жүргүздү. 

Рейддин жүрүшүндө коомдук тамактануу жайдагы жарандарынын ден соолугун тамекини керектөөнүн кесепетинен жана айланадагы тамеки түтүнүнүн (аэрозолдун) таасиринен коргоо боюнча эрежелерди бузгандыгы үчүн 13 миң сомдук 1 протокол түзүлдү. Андан сырткары тамеки чегүүнүн зыяндуулугунан ден соолукту коргоо, жарандардын укуктарынын сакталышы боюнча башка коомдук жайларга түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Ленин району боюнча 2022-жылдын башынан бери Бишкек шаарынын борбордук мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык кызматы тарабынан 312 миң сомго протоколдор түзүлгөн. Ал эми Ленин райондук ички иштер башкармалыгы тарабынан 243 миң сомго түзүлгөн.

Ошондой эле, Октябрь районунда да коомдук тамактануу жайларына текшерүү рейдди жүргүзүлдү.
Комиссия тарабынан 5 коомдук тамактануу мекемеси текшерилип, жарандардын ден соолугун тамеки чегүүнүн, никотиндин жана тамекинин түтүнүнүн таасиринен коргоо жаатындагы укуктарынын бузулушу жана сакталбагандыгы үчүн 26 миң сом өлчөмүндө 2 протокол түзүлүп түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Октябрь району боюнча 2022-жылдын башынан бери Бишкек шаарынын борбордук мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык кызматы тарабынан 741 миң сомго, Октябрь райондук ички иштер башкармалыгы тарабынан 249 миң сомго протоколдор түзүлгөн.

Рейддик иш-чаралар «Кыргыз Республикасынын жарандарынын ден соолугун тамекини керектөөнүн кесепетинен жана айланадагы тамеки түтүнүнүн (аэрозолдун) таасиринен коргоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын аткаруу максатында өткөрүлүүдө.