Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында борбор калаанын вице-мэри Виктория Мозгачеванын катышуусунда мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн иш-чара болуп өттү.

Иш-чаранын жүрүшүндө  Эл аралык майыптар күнүнө арналган чоңдор арасындагы фестивалдын жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземи болуду.

Сынактын жыйынтыгы боюнча Кыргызстандын азистери жана угуусу начар коомдук бирикмесинин чоңдор үчүн баштапкы уюмдарынын арасында «Көркөм ишмердүүлүк» номинациясында Гран-при Бишкек шаардык азистер жана угуусу начар жаштар уюмуна ыйгарылды;

1-орун — Бишкек шаардык Азистер жана угуусу начарлардын коомдук бирикмесинин баштапкы уюму;

2-орун - Бишкек шаардык Азистер жана угуусу начарлардын коомдук бирикмесинин баштапкы жаштар уюму;

3-орун — Бишкек шаардык Азистер жана угуусу начарлардын коомдук бирикмесинин баштапкы уюму;

3-орун - Бишкек шаарынын №1 окуу-өндүрүштүк ишканасы.

«Көркөм искусство» номинациясы боюнча Бишкек шаардык Азистер жана угуусу начар коомдук бирикмесинин баштапкы уюмунда Гран-при;

1-орун - Бишкек шаардык дүлөйлөр Азистер жана угуусу начарлардын коомдук бирикмесинин баштапкы жаштар уюму;

2-орун - Бишкек шаарынын №2 окуу-өндүрүштүк ишканасы.

Фонддор жана реабилитациялык борборлор, коомдук уюмдар арасында «Искусство чеберчилиги» номинациясында:

Гран-при - «Үмүт-Надежда» балдар реабилитациялык борборундагы өз ара жардам топтору;

1-орун — Мэрияга караштуу Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн шаардык реабилитациялык борбор;

1-орун — “Жаңыртуу” коомдук кайрымдуулук фонду;

2-орун - «Манас» социалдык айылы» коомдук бирикмеси;

3-орун - «Оберег» реабилитациялык борбору коомдук бирикмеси;

3-орун — Global Hope коомдук фонду.

Көркөм искусство категориясында:

Гран-при – «Жаңыртуу» коомдук кайрымдуулук фонду;

1-орун — «Үмүт-Надежда» балдар реабилитациялык борборунун алдындагы өз ара жардам топтору;

2-орун — Мэрияга караштуу Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн шаардык реабилитациялык борбор;

2-орун - «Оберег» реабилитациялык борбору коомдук бирикмеси;

3-орун – “Манас социалдык айылы” коомдук бирикмеси;

3-орун — Global Hope коомдук фонду.

Белгилей кетсек, фестивалга катышуу үчүн 23 уюмдан: 11 балдардан, 12 чоңдордон жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын көйгөйлөрү менен алектенген коомдук бирикмелерден, фонддордон жана реабилитациялык борборлордон 1500гө жакын арыз түшкөн.

Калыстар тобунун мүчөлөрү ышкыбоздордун 200гө жакын спектаклин, көркөм искусствонун 1800ге жакын чыгармасын көрүштү. Көркөм искусство сынагында катышуучулар кийиз, жыгач, токуу, шуру, металл, боюнча эмгектерин тартуулашты.

Маалымдама: Борбор калаанын мэриясы даректүү социалдык жардамды үзгүлтүксүз көрсөтүп келет. Бишкек шаарында гана кошумча даректүү жардамдын 22 түрү көрсөтүлөт. Мындан тышкары 22 түрдүү коомдук уюмдар, бирикмелер жана борборлор менен кызматташып келебиз.