Биринчи май районунун акими Максатбек Сазыкулов “Тазалык” муниципалдык ишканасынын кызматкерлерин ысык чай жана түшкү тамак менен сыйлады.

Аким жумушчулардын жаңы жылдык маанай жана күжүрмөн эмгеги үчүн ыраазычылык билдирди.

Өлкөнүн башкы балатысынын темип каркасын орнотуу иштери аяктады, азыр ийне жалбырактуу дарактардын бутактарын бекитүү процесси жүрүп жатат, андан кийин алар жаркыраган оюнчуктар жана түркүн түстүү гирляндалар менен кооздолот.

Белгилей кетсек, быйыл балаты чоң фонтандын ордуна орнотулган. Балатынын бийиктиги 25 метр, диаметри 12 метр, каркасына 1400 ийне жалбырактуу дарактардын бутактары бекитилет.

Шаарды кооздоо боюнча бардык иштер декабрь айынын ортосуна чейин созулат.