Жеке турак-жай курулушу жана шаар куруу департаментинде жана борбор калаанын райондук администрацияларында жер мунапыска кирген объектилер боюнча комиссиялар ишин баштады.

Биринчи май району боюнча 77 арыз каралып, анын ичинен 75 материалды шаар куруу корутундусун берүү маселесин кароо үчүн «Бишкекбашкыархитектура» мамлекеттик мекемесине жөнөтүлдү. Ал эми бир материал көчмө жыйында каралат,  экинчисин "Кадастр" мамлекеттиик мекемеси жер тилкесинин чек арасын аныктайт.

Свердлов району боюнча – 79 арыз, анын ичинен 1 арыз канааттандырылып, 3 арыздан баш тартылды. 8 материал Бишкек шаарынын мэриясынын Жеке турак-жай курулушу жана шаар куруу департаментине  кошумча изилдөө үчүн, 67 материал «Бишкекбашкыархитектура» мамлекеттик мекемесине шаар куруу корутундуларын берүү маселесин кароого жөнөтүлдү.

Октябрь району боюнча 197 арыз каралып, анын 37си канааттандырылып, 3 арыз кайтарылды, 12си кийинкиге калтырылган жана 145 материал «Бишкекбашкыархитектура» мамлекеттик мекемесине шаар куруу корутундусуна жөнөтүү чечими кабыл алынган.

Урматтуу шаар тургундары! Документтер күн сайын саат 9:00дөн 18:00гө чейин Тунгуч кичирайону, 57  (Жеке туак-жай курулушу жана шаар куруу департаменти) дарегинде кабыл алынат. Байланыш телефондору: 0312 979297, 0312 97 94 54.

Маалымдама: Комиссия Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин  2022-жылдын 31-майындагы №291  «Жерге мунапыс берүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу»  токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу 2022-жылдын 18-октябрындагы №567 токтомунун  негизинде иш алып барышат.