Шаарды көрктөндүрүүнү көзөмөлдөө боюнча муниципалдык  инспекциясынын кызматкерлери тарабынан көрктөндүрүү эрежелеринин жана санитардык нормалардын бир катар бузуулары аныкталды.

Алсак, Сухэ-Батор көчөсүндөгү «Империал» ЖЧКсы, «Неск ФД» ААКсы, Исакеев көчөсүндөгү «Свой Стил», «Регион», Жал-23 кичи районундагы №74 үйдүн жанында, «Агахан», «Ата Бей Строй Групп» ишканалары, Курсант көчөсүнүн тургуну Абибилла аттуу жаран, Д.Асанов көчөсүндөгү 19-үйдн  жана Элебаев көчөсүндөгү даректе жашаган жарандар тарабынан жол тилкелерине зыян келтирүү фактылары катталган. Тартип бузгандардын бардыгы КРнын  «Бузуулар жөнүндө» кодексинин 177-беренесине ылайык  5 миң 500 сомдон 23 миң сомго чейин жоопкерчилик тартышат.

Ошондой эле, 179-берененин 2-бөлүгүнө ылайык, өз алдынча жер казгандыгы  үчүн Юнусалиев жана Сүйөркулов көчөлөрүнүн кесилишиндеги «Эле» ишканасына 17 миң сом айып салынган.

Муниципалдык инспекция айрым ишканалар жана жеке тараптар тарабынан шаар ичиндеги жер казуу иштери жүргүзүлгөн жерлерди калыбына келтирүү иштери убактылуу токтотулганын билдирет. Аба ырайынын жагымдуу шарты менен жолдун катмарын калыбына келтирүү иштери улантылат. Ал эми муниципалитеттин макулдугусуз жер иштерин жүргүзгөн тараптар жоопкерчиликке тартылат.